Баткенде быйыл 22 обьектин курулушун бүткөрүү иштери жүрүп жатат

 Баткенде быйыл 22 обьектин курулушун бүткөрүү иштери жүрүп жатат

Баткенде быйыл 22 обьектин курулушун бүткөрүү иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

 

Республикалык бюджеттин эсебинен, быйылкы жылы облуста 68 объекттин курулушу титулдук тизмеге кирген. Анын ичинен 29 объект капиталдык курулуш, 19 объект капиталдык оңдоп түзөө, 9 объект таза суу түтүкчөлөрүн тартуу жана 11 объект долбоордук сметалоо объектилери.

 

Аталган 68 объектиге бүгүнкү күндө 360 млн сом акча каражаты каралган.

 

6 ай ичинде 9 социалдык объекттин курулушу аяктап, эксплуатацияга тапшырылды. Алар 4 мектеп, 1 саламаттыкты сактоо мекемеси жана 4 таза суу менен камсыздоо объектилери.

 

2024-жылдын 31-декабрына чейин каржылоодон соң, 10 капиталдык курулуп жаткан жана 3 капиталдык оңдоодогу объекттер пайдаланууга берилүүсү күтүлөт.

Связанный пост