Баткенде бизнес жумалыгы өтүүдө

Баткен облусунда белгиленген бизнес жумалыгынын алкагында, бүгүн 26-сентябрда “Баткен облусун өнүктүрүү программасын ишке ашыруудагы актуалдуу маселелер: Финансы институттарынын жана өнүктүрүү инстутуттарынын ролу” аттуу иш чара өттү. Бул тууралуу КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы маалымдады.

Иш чарага КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Тимур Мадяров баштаган тийиштүү жетекчилер, Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун, Кыргыз-өзбек өнүктүрүү фондунун, Мамлекеттик Кепилдик фондунун жетекчилиги, Баткен облусунда ишмердүүлүгүн жүргүзгөн бардык банк өкүлдөрү катышып, ишкерлерге маалымат берүү менен алардын суроолоруна жооп беришти.

Тагыраагы ишкерлер насыянын бардык түрлөрү, 0 пайыздык насыя, Ислам принциптери боюнча насыя, кайтарымсыз грант, аз пайыздуу инвестицияларды алуу жолдору тууралуу маалыматтар берилди.

Иш чаранын максаты ишкерлердин мамлекеттик колдоолор боюнча маалыматын жогорулатуу, насыяларды максаттуу колдонуу менен натыйжасын арттырууга салым кошуу.

Бизнес жумалыгы КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү жана өкүлчүлүктүн алдындагы Бизнести жана инвестицияларды өнүктүрүү боюнча Кеңеши менен биргеликте ишке ашырылууда.

Белгилей кетсек, Баткен облусунда 2023-жылдын 24-августуна карата “Айыл чарбасын каржылоо-11” долбоорунун алкагында 528 ишкерге 241млн 450миң сом жеңилдетилген насыя берилген.

Аны менен катар республикалык бюджеттен Финансы кредиттик фонду аркылуу чек арадагы акыркы окуяда жабыркаган ишкерлерди колдоо максатында 1% менен насыя берилди. Жалпы 162 ишкер кайрылган.

Учурда облуста 2504 кичи жана орто ишканалар иштеп жатат, аларда 2172 ишкерлер алектенишип келишүүдө, ошону менен бирге 42886 жеке ишкерлер, 32859 фермердик жана дыйкан чарбалары катталган.

Связанный пост