Баткенде “Бир мекеме-100 көчөт” өнөктүгү старт алды

 Баткенде “Бир мекеме-100 көчөт” өнөктүгү старт алды
КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаевдин демилгеси менен, облус аймагында “Бир мекеме-100 көчөт” өнөктүгү старт алды. Бул тууралуу КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы маалымдады.
Ага ылайык, ар бир облустук, райондук, шаардык мекеме-ишканалар , менчигинин түрүнө карабастан бардык ишканалар, сезон ичинде 100 көчөт отургузуусу абзел.
Көчөт отургузууну уюштуруп, ишке ашырууда, райондук токой чарба кызматтары, айыл аймактары, ар бир мекемеге жер аянттарын аныктап берүү жагы жүктөлгөн.
Алдыдагы ишембиликте ар бир мекемени көчөт отургузуу иштерине активдүү катышууга чакырабыз.
16-март күнү облус аймагында жалпы 8458 көчөт отургузулду
“Бир мекеме-100 көчөт” демилгеси, КР Министрлер Кабинетинин “Жашыл мурас” улуттук кампаниясынын алкагында пландалган иш чаралардын уландысы болуп саналат.

Связанный пост