Баткенде 480 миң сомдон ашык суммадагы чарбалык товарларды контрабандалык жол менен алып өтүү фактысы аныкталды

«Баткен» бажысынын Контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери ЕАЭБдин жана Кыргыз Республикасынын бажы мыйзамдарын бузуулардын алдын алуу, бөгөт коюу жана аныктоо боюнча бажы контролунун алкагында иш-чараларды жүргүзүүдө товарларды мыйзамсыз ташып келүү фактысын аныктаган.

Өзбекстан Республикасынын жараны «Х.Ж.Р.у.» башкаруусундагы «Hyundai Porter» үлгүсүндөгү унаанын жүк салуу бөлүгүн текшерүү учурунда Кыргыз Республикасындагы ЕАЭБ бажы аймагына ташып келүүнүн мыйзамдуулугун тастыктаган эч кандай жүк коштоочу документтери жок ассортименттеги тиричилик товарлары аныкталган.

Товардын жалпы салмагы 3899,8 кг, орточо базар баасы 481 060 сомду түзгөн.

Факт КБР МКЖ АДСке катталып, материалдар бажы органынын бажылык териштирүү секторунда каралууда.

Связанный пост