Баткенде 300 түтүндү жарык менен камсыздаган чакан ГЭС ишке кирет

Баткен облусунун Кадамжай районунун Майдан айыл аймагына караштуу Сары-Алтын айылын аралап өткөн Кожо-Кайыр каналына курулган “Базарбай Ата-3” чакан ГЭСи эгемендүүлүк күнүнө карата ишке берилет. Бул тууралуу “Кабар” маалымат агенттигине аталган чакан ГЭС ишканасынын өкүлү Алымбек Султанов билдирди.
Анын айтымында, чакан ГЭС толук ишке киргенде 600 кВт/саат электр энергиясы өндүрүлүп, болжол менен 300дөй түтүн электр энергиясы менен камсыз болот.
“Чакан ГЭС Кожо-Кайыр каналынын боюнда 0,17 га жер аянтында курулууда. Жумушчу долбоор даярдалып, курулушу жүрүп жаткан объекттердин реестрине катталган. Долбоор боюнча үч агрегаттан турган кубаттуулугу 600 кВт/саат электр энергиясын иштеп чыгаруучу чакан ГЭС болот. Бирок, азырынча кубаттуулугу 200 кВт/саат электр энергиясын иштеп чыгаруучу бир агрегаты коюлуп ишке берилмекчи. Жаңы жумуш орундары пайда болуп, азырынча 4-5 жумушчу иш менен камсыздалат.
Алдын ала эсептөөлөр боюнча долбоордун жалпы суммасы 440 миң АКШ долларын түзөт. Анын ичинен Россия-Кыргыз фондунан 25 млн сом насыя катары каралып, 8,3 млн сомуна Кытайдан турбина генератор жабдуулары алынып келип орнотулду. Ал эми 6 млн 500 миң сом өздүк каражаттын эсебинен жумшалган. Учурда монтаждоо иштери аткарылып, ГЭС тесттик режимде иштетилди. Азыр иш-кагаздарын даярдоо жумуштары жүрүүдө”,- деди Султанов.
Белгилүү болгондой, Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунан бөлүнгөн насыянын 22 млн сому ГЭС курууга, 3 млн сому туризмди өнүктүрүүгө багытталган. Быйыл өлкө аймагында ишке берилүүчү 18 чакан ГЭСтин бири болгон бул объектиде курулуш иштери 98 пайызга аткарылып, бир гана иш-кагаздары бүтө электигин ишкана өкүлү кошумчалады.
“Кытайдан алынган жабдуулар 2025-жылдын башынан бери алынып келип, аларды орнотуу иштери толук бүттү. Жол инфраструктурасы боюнча айтсак, айыл ичиндеги ички жана канал боюндагы жолдор менен барууга болот. Чакан ГЭС каналдын суусу менен камсыздалат. Объекттеги курулуш иштери 98 пайызга аткарылды. Иш-кагаздары бир айдан кийин толук бүткөрүлсө, иш 100 пайыз аткарылган болот”,- деди ал.
Белгилей кетсек, чакан ГЭС курулган Кадамжай районундагы Кожо-Кайыр ирригациялык каналын реконструкциялоо иштери аяктап, учурда пайдаланууга берилди. Бул боюнча маалыматты Энергетика министрлигинен билдиришти.
Каналдын ачылышына Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министринин орун басары – суу ресурстары кызматынын директору Нурлан Жумаев жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышып, каналдын жаңыланышы калкты суу менен камсыздоону жакшыртаарын белгилешти.
“Кожо-Кайыр каналы 1965-жылы курулуп, көп жылдан бери аймактагы айыл чарба жерлерин сугат суу менен камсыздап келет. Суу системасы сууну Исфайрам-Сай дарыясынан алып, башкы суу алуучу курулма аркылуу секундуна 9,0 м³ өлчөмүндө агып өтөт.
Каналдын жаңыланган түрдө пайдаланууга берилиши Кадамжай районунун агрардык секторунун суу менен камсыздалышын кыйла жакшыртат, суу жоготууларды азайтып, суу тартыштыгы шартындагы айыл чарбаны туруктуу өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт”, – деп белгиледи Жумаев.
Маалым болгондой, эми жаңыртылган каналдын агымында аталган “Базарбай Ата-3” чакан ГЭСи саналуу айлардан кийин ишке кирет.
Белгилей кетсек, чакан ГЭС курулган Кадамжай районундагы Кожо-Кайыр ирригациялык каналын реконструкциялоо иштери аяктап, пайдаланууга берилди.