Баткенде 22 га үлүш жер аянты жана 192 турак үй сел кооптуулугунан корголууда

 Баткенде 22 га үлүш жер аянты жана 192 турак үй сел кооптуулугунан корголууда

Лейлек районунун аймагында быйылкы жылга карата “Атайын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу” чараларынын негизинде 26 участка мерчемге кирген. Бүгүнкү күндө аткарылган жумуштун көлөмү 80% камсыздалып, Бешкент айыл өкмөтүнүн Эски-Оочу айылында жүрүп жаткан жумуш Лесхоз тилкесинде улантылууда. Натыйжада сел өтүүчү сайдын 100 м аралыгында 150 даана габион торчо орнотулат.

Сел коркунучунан коргоо чараларынын жыйынтыгы менен район аймагында 192 турак үй, ФАП жана мектеп имараты, мечит жана көпүрө, ошондой эле 3820 метр ички чарбалык жол, 22 га үлүш жер аянты, трансформатор жана скважина коргоого алынат.

Связанный пост