Баткенде 2 млн сомдук жүктү аткезчилик жол менен алып өтүүгө аракет кылышкан

Баткенде 2 млн сомдон ашуун аткезчилик жүк аныкталды. Бул тууралуу МБКнын басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка ылайык, бажычылар Э.Д.А.аттуу кыргыз жаранынын башкаруусундагы Mercedes-Benz үлгүсүндөгү унааны текшерүү учурунда, Кыргызстанга ташып келүүнүн мыйзамдуулугун тастыктаган жүк коштоочу документтери жок айнек аныкталган.

Жүктүн жалпы салмагы 15 миң 484 кг, орточо базар баасы 2 млн 259 миң 750 сомду түзөт.

 

Факт КБР МКЖ АДСке катталып, материалдар Баткен облусунун прокуратурасына өткөрүп берилди.

Связанный пост