Баткенде 100 млн сомдук оорукана курулду

КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев жана Министрлер кабинетине караштуу Архитектура, курулуш, турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин жетекчиси Нурдан Орунтаев, Баткен районунун Самаркандек айылындагы жаңыдан курулган оорукананын имаратынан кабар алышты.

Аталган оорукана чек арада жайгашкан Самаркандек айылынын социалдык көйгөйүн жеңилдетүү максатында Президент Садыр Жапаровдун жеке колдоосу менен курулду.

75 орунга ылайыкташтырылган оорукананын курулушу Кыргыз Республикасынын Президентин Фондунан каржыланды.

Жалпы 100,56млн сом жумшалды.

Учурда курулуш толугу менен аяктап,керектүү эмеректери менен да камсыздалган.

Оорукана жакынкы күндөрү пайдаланууга берилүүсү күтүлүүдө.

Связанный пост