Баткенде Өзбекстандан контрабандалык товарларды ташып келүүгө бөгөт коюлду

Баткенде Өзбекстандан контрабандалык товарларды ташып келүүгө бөгөт коюлду. Бул тууралуу МБКнын басма сөз кызматы маалымдады.

«Баткен» бажысынын Контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан бажы эрежелерин бузууларды аныктоо, бөгөт коюу жана алдын алуу максатында бажы көзөмөлүн жүргүзүү учурунда товарларды сатуу максатында түшүрүүдө Баткен облусунун Кадамжай районунун аймагында Өзбекстан Республикасынын жаранын «Х.М.У.» башкаруусундагы DAMAS үлгүсүндөгү В150 DLX унааны кармашкан.

Транспорттук каражаттын жүк бөлүгүн бажылык текшерүүдө Өзбекстан Республикасынан чыгарылган, жалпы салмагы 1315,5 кг түзгөн, эч кандай жүк коштоочу анын ичинде бажылык документтери жок «суусундуктар» товары табылган. Кармалган товардын орточо базар баасы 60 миң 680 сомду түздү.

Кыргыз Республикасынын жараны «О.Р.А.» башкаруусундагы «Hyundai Porter» үлгүсүндөгү унаасын текшерүүдө бажы эрежелерин бузуунун дагы бир фактысы аныкталды.

Ошондой эле Кадамжай районунун аймагына ташып келүүнүн мыйзамдуулугун тастыктаган эч кандай жүк коштоочу документтери жок 240 кг туздалган күн карама данын жана 348 кг салмактагы кондитердик азыктарды мыйзамсыз алып келүүгө бөгөт коюлду. Кармалган товардын жалпы орточо базар баасы 148 миң 500 сомду түздү.

Фактылар КБР МКЖ АДСке катталып, чогултулган материалдар Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун прокуратурасына өткөрүлүп берилди.

 

Связанный пост