Баткен, Жайыл, Араван райондоруна жаңы акимдер дайындалды

 Баткен, Жайыл, Араван райондоруна жаңы акимдер дайындалды

Президент Садыр Жапаров бир катар райондорго жаңы акимдерди дайындады. Бул тууралуу өлкө башчысынын басма сөз кызматы билдирет.

Президент кол койгон тескемелерге ылайык, КР Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 6-пунктуна, 71-беренесине ылайык,

Иманалиев Данир Белекович Баткен облусунун Баткен районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким,

Эркимбаев Данияр Жантаевич Ош облусунун Араван районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким,

Бурканов Имамназар Апызович Чүй облусунун Жайыл районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким болуп дайындалды.

Связанный пост