Баткен шаарында 10 миң орундуу футбол стадионунун курулушу башталды

Бүгүн Баткен шаарында 10 миң адамга ылайыкталган футбол стадионунун курулушу башталды. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы, Кыргыз футбол биримдигинин президенти Камчыбек Ташиев курулушка мезгил кутусун салды.

Иш-чарага президенттин өкүлү Айбек Шаменов баштаган жетекчилер,футболчулар жана жергиликтүү тургундар катышты.

Стадионго караштуу аймактын жалпы аянты 10 гектар аянтты түзөт.

Стадионго караштуу аймак футбол аренасынан тышкары үч машыгуу оюн талааларын жана төрт кичи футбол аянтчаларын камтып, алардын жанында кийим алмаштыруучу бөлмөлөр орун алмакчы.

Ал эми стадиондун өзү жана бир футбол аянтча жарык берүүчү шам чырактар менен жабдылып, футболдук беттештерди кечки убакытта кабыл алууга шарт түзүлөт.

Стадиондун аймагында профессионал футболчуларды жана жаш оюнчуларды кабыл ала турган 100 кишилик жатакана комплекси курулат. Ошондой эле стадиондун аймагында 200 унаага ылайыкталган унаа токтотуучу жай орун алат.

Мындай футболдук ири инфратүзүм Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн тарыхында Баткен аймагында алгачкы жолу ишке ашууда. Стадиондун курулушунун аякташы менен облустук жана республикалык маанидеги масштабдуу иш чараларды откөрүүгө мыкты шарт түзүлөт.

Бул аракеттер КР президентинин “2024 2034-жылдарга Кыргыз Республикасында футболду андан ары өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө” жарлыгынын алкагында ишке ашууда.

Связанный пост