Баткен шаарында 10 күндүн ичинде 15 окуучу сарык оорусуна чалдыкты

 Баткен шаарында 10 күндүн ичинде 15 окуучу сарык оорусуна чалдыкты
Баткен шаарынын мэриясында 14-декабрда саламаттыкты сактоонун, билим берүү бөлүмүнүн, ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери жана аймактык башкармалыктардын башчылары менен биргеликте чукул жыйыны болду.
Жыйынды Баткен шаарынын мэринин орун басары Мансурбек Маматисаев өткөрдү.
Окуучулар арасында 1-декабрдан 10-декабрга чейин шаарда гепатит “А” же сарык оорусу менен ооруган 15 учур катталган.
Жыйында калкка түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, менчигинин түрүнө карабастан мектеп, балдар бакчалары, тиш дарылоо борборлору, ийне сайуучу жайлар жана сулуулук салондорунун гигиеналык абалын атайын комиссиянын негизинде карап чыгууга тапшырма берилди.
Былтыркы жылга салыштырмалуу Баткен шаарында бул ооруу менен ооругандардын саны кескин өскөн.
2022-жылдын 11 айында 24 учур катталган болсо, быйыл 2023-жылдын 11 айында 75 учур катталган.
Гепатит “А” оорусу көпчүлүк учурда билинбей өрчүп, убагында дарыланбаса цирроз, рак ооруларына алып келет.
Гепатиттин “А” жана “Е” түрлөрүн күнүмдүк тиричилик шартында жуктуруп алуу кооптуулугу бар. Алсак, бул дартка көбүнчө дааратканадан же сырттан келгенде кол жуубаган, кайнатылбаган суу ичкен, мөмө-жемишти жууп жебеген адамдар кабылышат. Алардын көбү жаш балдар болот.
Гепатиттин “А” оорусунун түрү башка оорулардан айырмаланып өнөкөт түрүнө айланып кетпейт. Киши бир ооругандан кийин кайра оорубайт. Ал кишиде иммунитет пайда болот. Бирок дарыланган адам 5-6 айга чейин диетаны жакшы сактабаса, анда ал өлүмгө дуушар болушу ыктымал.

Связанный пост