Баткен районунда коопсуздукту камсыздоого арналган коомдук алдын алуу борбору ачылды

 Баткен районунда коопсуздукту камсыздоого арналган коомдук алдын алуу борбору ачылды
2023-жылдын 17-август күнү Баткен районунун Дара айыл аймагынын Чек айылында Ички иштер министрлиги, “Эл аралык толеранттуулук үчүн” коомдук фонду жана “Saferworld” эл аралык уюму кызматташтык долбоору боюнча АКШнын Элчилигинин алдындагы Баңгизат каражаттарынын эл аралык жүгүртүлүүсү менен күрөшүү жана укук коргоо ишмердүүлүгү (INL) боюнча бөлүмүнүн колдоосунун астында “Милиция менен элдин ортосундагы социалдык кызматташтык” долбоорунун алкагында коомдук алдын алуу борборунун имаратынын ачылуу аземи болду.
Ачылуу аземге Баткен облустук мамлекеттик администрациясынын, Баткен облусунун ички иштер башкармалыгынын өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик ишканалардын жетекчилери, КААБдын мүчөлөрү, милиция кызматкерлери жана жергиликтүү жашоочулар катышышты.
Бул коомдук алдын алуу борборунда аксакалдар соту, аялдар кеңеши, ошондой эле жаштар координаты, милициянын аймактык тескөөчүлөрү менен биргеликте жарандардын арыз-даттанууларын кабыл алышып, иш алып барышат.
КААБдын ар бир мүчөлөрүнө өз алдынча иш бөлмөлөр бөлүнүп берилип, заманбап техника, эмеректер менен камсыздалган.
Программанын алкагында Дара айыл аймагынын алдындагы коомдук алдын алуу борборунун капиталдык курулушуна 400 000 сом, компьютердик жабдуулар, эмеректер менен камсыз кылууга 329 361 сомдук материалдык жардам көрсөтүлгөн жана айыл аймагы тарабынан курулуш иштерине 1543000 сом жардам берилген.
Жергиликтүү милиция кызматкерлерине Чек айыл тургундарынын, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн кошкон салымы, көрсөткөн жардамы жана кызматташтыгы үчүн, ошондой эле аймактык пунктунун курулушуна жакындан жардам берген жарандарга терең ыраазычылык билдирилип, ИИМдин сыйлыктарды тапшырылды.
Коомдук алдын алуу борборлору жергиликтүү жашоочулар арасында алдын алуу иштерин жүргүзүшөт. Аларга түшкөн арыз-даттанууларды, мыйзамсыз аракеттерди жана жашоочулар арасындагы түшүнбөстүктөрдү кароо жана аларды чечүү боюнча жумуштарды жүргүзөт.

Связанный пост