Баткен облусунун 25 жылдыгына карата 25 объект ачылат
Баткен облусунун аймагында 14-октябрда 25 объект ачылат. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Имараттарды ачуу аземи Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100, Баткен облусунун жана Баткен шаарынын түзүлгөндүгүнүн 25 жылдыгына карата уюштурулган.
Алсак, төмөнкү объекттер ишке киргизилет:
- Баткен Электр тармактар ишканасынын административдик имараты;
- Баткен шаарындагы 7 кызматтык турак үйлөр;
- Баткен шаарынын борбордук стадионундагы спорт зал;
- Баткен шаарынын “Жеңиш” эс алуу багындагы рестпоинт;
- Баткен районунун Боз-Адыр айылындагы спорт зал;
- Баткен районунун Мадыген аймагындагы бийиктиктен кароо аянтчасы;
- Баткен районунун Ак-Сай айыл өкмөтүнүн административдик имараты;
- Баткен районунун Ак-Татыр айылындагы спорт зал;
- Кадамжай районундагы агрохимия лабораториясы;
- Кадамжай шаарындагы логистикалык борбор:
- Кадамжай районунун Исхак-Полотхан айыл аймагындагы “Жаш Талимтай” балдар бакчасы;
- Кадамжай шаарындагы 8 кызматтык турак үйлөр;
- Кадамжай шаарынын аймагындагы “Улыбка” балдар бакчасы;
- Кадамжай районунун Ормош айылындагы логистикалык борбор;
- Лейлек районунун Бешкент айылындагы “Лайли” орто мектеби;
- Лейлек районунун Кулунду айыл аймагындагы “NOVA” мектеби;
- Раззаков шаарындагы 5 кызматтык турак үйлөр;
- Лейлек районунун “Саркент” жаратылыш паркындагы 3а-фрейм үйлөрү;
- Лейлек районунун Максат айылынын административдик имараты;
- Лейлек районунун Кара-Суу айылындагы маданий борбор жана тигүү цехи;
- Сүлүктү шаардык электр тармактар ишканасынын административдик имараты;
- Сүлүктү шаарындагы аялдардын сырткы кийимин тигүүчү цех;
- Сүлүктү шаарындагы килем токуучу цех;
- Сүлүктү шаарында брекет чыгаруучу ишкана;
- Кызыл-Кыя шаарындагы 6 кызматтык турак үйлөр;