Баткен облусунда жылдын I кварталында салыктарды чогултуу 100,4%га аткарылды

 Баткен облусунда жылдын I кварталында салыктарды чогултуу 100,4%га аткарылды

Бүгүн Баткен облусунун 2024-жылдын 1-квартал ичинде социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрүнүн аткарылышын караган облустук коллегия өттү.

 

Президенттин аймактагы өкүлү Абдикарим Алимбаевдин жетекчилиги астында өткөн коллегияда аппараттын бөлүм башчылары өз тармактары боюнча маалымат беришти. Ал эми район-шаар башчылары коллегияга онлайн катышты.

 

Облус башчысы тийиштү жетекчилерден салык топтоо, жер мунапысы, таза суу, сугат суу боюнча аткарылып жаткан иштер боюнча маалымат алды. Жыйынтыгында төмөнкүдөй тапшырмаларды койду:

 

инвестиция тартууга өзгөчө көңүл буруу;

туризмди өнүктүрүүдө болгон потенциалды пайдаланып иш алып баруу;

туризм тармагындагы тейлөөгө көңүл буруу, окутууларды уюштуруу;

табигый кырсыктардын алдын алуу иштерин жүргүзүү;

Баткен шаарында буга чейин жасалган таза суу долбоорун шаардын балансына өткөрүп алуу маселесин аягына чыгаруу;

облус борборун көрктөндүрүү;

жугуштуу оорулардын алдын алууда эмдөө, айлана чөйрөнү тазалоо, өздүк гигиена боюнча түшүндурүу иштерин жүргүзүү;

дарыгерлердин жетишпесик маселесинин үстүндө иш алып баруу;

үй тибиндеги бала бакча ачууну активдештирүү;

“Жашыл мурас” улуттук өнөктүгүнүн алкагында отургузулган бак-дарактардын көчөттөрүн көктөтүү.

Ошондой эле бул аралыкта облустун социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрү төмөнкүдөй болгон:

 

– 2024-жылдын январь-март айларында өнөр-жай ишканалары тарабынан 1 млрд 612,1 млн сомдук продукция өндүрүлгөн;

 

– айыл-чарба продукциясынын дүң чыгарылышы 2 млрд 588 млн сомду түзгөн;

 

– “Капиталдык салымдар” беренесине ылайык титулдук тизмеде 59 объект каралган, 25 объект капиталдык курулуш, 14 объект капиталдык ондоп түзөө, 9 объект таза суу түтүкчөлөрүн тартуу жана 11 объект долбоордук сметалоо объектилери. Капиталдык салымдардын иштетилиши 873,9 млн сомго барабар болуп, өткөн жылдын ушул мезгилине карата 2,3 эсеге өскөн.

 

– жеңилдетилген насыя боюнча “Айыл чарбасын каржылоо-12” долбоорунун алкагында “Айыл Банк” тарабынан 67 ишкерге 27,7 млн сом насыя берилди. Анын ичинен мал чарбачылыгына 58 ишкерге 25,9 млн сом, талаачылыкка 9 ишкерге 1,8 млн сом.

 

– жер мунапысы боюнча 2024-жылдын 12-апрелине карата жалпы кабыл алынган арыздардын саны 6139, анын ичинен доскаларга илингени арыз 5863, техникалык паспорт берилгени 3103, мамлекеттик акт берилгени 3420. Райондук мамлекеттик администрациялардын чечимдери менен 452,7 га, мамлекеттик акт берилген жерлердин аянты 348,8 ганы түздү.

 

– салык топтоо боюнча Баткен облусуна 620 млн сом салык төлөмдөрүн жана башка жыйымдарды жыйноо план катары жеткирилген болсо, 622,4 млн сом чогултулуп план 100,4% аткарылган.

Связанный пост