Баткен облусунда жер титирөө катталды
![Баткен облусунда жер титирөө катталды](https://eltr.kg/wp-content/uploads/2023/03/15994650335f55e6496ef2b5.31036982-850x548.jpg)
КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, саат 11:22де Тажикстан Республикасынын аймагында очогунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталган.
Жер титирөө Баткен облусунун, Лейлек районунун Коргон айылында 2,5 баллга чейин сезилген.
Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.