Баткен облусунда диний экстремизм жана эмдөө боюнча жыйын өттү

 Баткен облусунда диний экстремизм жана эмдөө боюнча жыйын өттү
КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев, облустун мусулмандарынын казысы жана район шаарлардын баш- имам хатибдери менен кеңешме өттү. Бул тууралуу КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.
Кеңешмеге облустун укук коргоо органдарынын жетекчилери да катышты.
Жыйында үч маселе каралды. Алар,
-Диний экстримизм жана терроризмдин алдын алуу
-Жугуштуу ооруларга каршы эмдөөнүн зарылдыгы
-Мыйзамсыз курулган мечиттер болду.
Жыйында маалым болгондой, экстримизм боюнча облуста акыркы төрт айда 14 кылмыш иши козголгон.
Ал эми облуста 445 мечит болсо, алардын 29нун имаратынын курулушу боюнча тийиштүү документтери жок.
Ошондой эле кызамык менен катталган учурлар 261ди түзгөн.
Мындан улам облус башчысы Абдикарим Алимбаев, диний экстримизм жана терроризмдин алдын алууда профилактикалык иш чарларды күчөтүүнү, өзгөчө жаштар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү боюнча комплекстүү иш алып барууну тапшырды. Ар бир катталган кылмыш иши дыкат иликтениши керектигин белгиледи.
Ошону менен катар эзелтен тарыхыбызга жана жан дүйнөбүзгө сиңген салттуу Ислам дини тууралуу, коомчулукка туура маалымат жеткирүү, аймакта улуттук жана диний биримдикти сактоо боюнча иш чараларды жүргүзүү тапшырмасын койду.
Ал эми кызамык оорусунун катталып жатканынын бирден бир себеби ата-энелердин балдарын эмдетүүдөн баш тартып жаткандыгы экенин белгилеп, өзгөчө диний көз караштагы жарандардын арасында интернет булактарындагы далилсиз маалыматтарга таянып, өздөрүнүн балдарын жугуштуу ооруларга каршы эмдетүүдөн баш тартып жаткан учурлардын үстүнөн иштөө зарылдыгын белгиледи.
Буга байланыштуу облус башчысы, дин кызматкерлери, саламаттыкты сактоо жана жергиликтүү бийлик органдары биргеликте эл арасында түшүндүрүү иштерин тынымсыз жүргүзүп, эмдөө боюнча элге туура жана так маалымат берүүсүн тапшырды.
Ал эми 29 мечиттин имаратынын курулушу боюнча, мыйзам чегинде тийиштүү иш аракеттерди көрүү, документтерин даярдоо боюнча жетекчилерге тапшырма койду.

Связанный пост