Баткен облусунда 860 миң тонна көмүр өндүрүлдү

 Баткен облусунда 860 миң тонна көмүр өндүрүлдү

Баткен облусунда 860 миң тонна көмүр өндүрүлдү.

Өкүлчүлүктөн маалымдашкандай, бул көлөм 2025-жылдын январь–август айларында облустагы 40тан ашык көмүр өндүрүүчү ишканалар тарабынан казылган.

Көмүрдүн баасынын өсүшүнө жол бербөө максатында Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Баткен облустук бөлүмү көмүрдүн дүң баасын макулдашуу боюнча Сүлүктү жана Раззаков шаарларында көмүр казуучу компаниялардын жетикчилери жана башкы эсепчилери менен жолугушууларды өткөрүп, түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн.

Баткен облусунда ички керектөөнүн көлөмү 120–130 миң тонна. Анын ичинен 100 миң тонна кара отун калкты камсыз кылууга багытталган.

Связанный пост