Баткен облусунда 3000 үй бүлө акысыз жана эң төмөнкү баада көмүр менен камсыз болду

 Баткен облусунда 3000 үй бүлө акысыз жана эң төмөнкү баада көмүр менен камсыз болду
Баткен облусунда 3000 үй бүлө акысыз жана эң төмөнкү баада көмүр менен камсыз болду. Облустун бир жылдык көмүргө болгон ички керектөөсү 129 миң тоннаны түзөт.Анын ичинен калктын керектөөсү 98,2 миң тонна.
Бүгүнкү күндө жергиликтүү калк 74% көмүр менен камсыздалган. Тагыраагы 72миң 465 тонна көмүр ташылган.
Бул багытта облустун район-шаар, айыл өкмөттөрү көмүр кендери менен түзгөн келишимдердин алкагында элди арзан көмүр менен камсыз кылуу максатында, жер жерлерге көмүр жеткирүү иштерин жүргүзүп келет.
Жергиликтүү бийлик органдары тарабынан облус боюнча 2994 аз камсыз болгон үй- бүлөлөргө 1660 тонна көмүр акысыз жана эң арзан баада берилди.
Калкты арзан көмүр менен камсыз кылуу максатында “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасы менен КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкулчүлүгү биргеликте,калктын аярлуу катмарына жана чек ара жаңжалынан жабыркаган тургундарга тоннасы 5000 сомдон болгон Сүлүктү кендеринин көмүрү жеткирилүүдө.
Бүгүнкү күнгө “Кыргызкөмүр” ишканасы менен биргеликте облус калкына 1000 тонна көмүр жеткирилген.
Аймактарда көмүрдүн баасы сортуна жана жол
чыгымдарын эсепке алганда ар бир райондо орточо 7500 сомдон 9000 сомго
чейин сатылууда, жана терилген жогорку сапаттагы көмүр 9,0-12,0 миң
сомдон сатылат. Бул баа монополияга каршы жөнгө салуу мекемеси тарабынан бекитилген. Бааны негизсиз көтөргөн жарандарга тийиштүү мекемелер тарабынан чара көрүлүүдө.
Белгилей кетсек, облустун билим берүү тармагына 14,6миң тонна, саламаттыкты сактоо тармагына 2,4 миң тонна көмүр керектелет. Бул тармактарда көмүр маселеси толугу менен чечилип, акча каражаттары которулуп берилген.

Связанный пост