“Баткен облусуна жеңилдетилген каржылоо – 2” долбоорунун алкагында 211,5 млн сом бөлүндү
Баткен облусун өнүктүрүү жана калкына мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 28-августунда №508-тескемеси чыгып, анда “Баткен облусун жеңилдетилген каржылоо-2” долбоору бекитилген.
Бул долбоорду ишке ашырууга республиканын 2 коммерциялык банкы катышууда. Аларды кредиттөөнүн көлөмү 350,0 млн сомду түзүүдө.
2023-жылдын 23-ноябрына карата Долбоордун алкагында Баткен облусунун 251 ишкердик субъекттерине 211,5 млн сом суммасында жеңилдетилген насыя берилди.