“Баткен облусун жеңилдетилген каржылоо-2” долбоорунун алкагында 145,1 млн сом каржыланды
Баткен облусун өнүктүрүү жана калкына мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 28-августунда №508-т тескемеси чыгып, анда “Баткен облусун жеңилдетилген каржылоо-2” долбоору бекитилди.
Долбоордун максаты Баткен облусун андан ары өнүктүрүүнү камсыз кылуу, ишкердик субъекттерине жана жеке жактарга жеткиликтүү жана жеңилдетилген кредиттик каражаттарды берүү жолу менен мамлекеттик колдоо көрсөтүү.
Бул долбоорду ишке ашырууга республиканын 2 коммерциялык банкы катышууда. Аларды кредиттөө көлөмү 350,0 млн сом суммасын түзүүдө. 2023-жылдын 9 – ноябрына карата Долбоордун алкагында Баткен облусунун 162 ишкердик субъекттерине 145,1 млн сом суммасында жеңилдетилген насыя берилген.