Башкы прокуратура баасы дээрлик 6 млрд сомдук компанияны мамлекетке кайтарды

Бишкек шаарында баасы дээрлик 6 млрд сомдук компания мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Маалыматка ылайык, прокуратура тарабынан эл аралык байланыш оператору “ЭлКат” ЖЧКсын мамлекеттик менчикке кайтаруу боюнча тиешелүү чаралар көрүлдү.
Натыйжада сот тарабынан мурдагы соттук чечимдер жокко чыгарылып, мыйзамсыз жоготулган мамлекеттин мүлккө болгон укуктары калыбына келтирилди.
Кайтарылган мүлктүн базар баасы 5,8 млрд сомду түзөт.