Балыкчыга шамал электр станциясын куруу үчүн биринчи жабдуулар жеткирилди

Балыкчы шаарына “Росатомдун” шамал электр станциясын куруу үчүн биринчи жабдуулар жеткирилди. Бул тууралуу “Росатомдун кайра жаралуучу энергия” акционердик коомунун башкы директору Григорий Назаров билдирди.
“Чет өлкөдөгү биринчи шамал электр станциясын куруу долбоору жаңы деңгээлге чыгууда. Компоненттерди жеткирүү — бул жолдогу маанилүү кадам.
Биз инвестициялык келишимдин алкагында түзүлгөн график боюнча иштеп жатабыз жана шамал электр станциясынын биринчи пайдубалын эмки жылы куябыз деп турабыз.
Долбоордун командасы шамал электр станцияларын куруу жана иштетүү боюнча бардык керектүү компетенттүүлүккө ээ. “Росатомдун” Россияда ишке ашырган шамал энергетикалык долбоорлорунун жалпы кубаттуулугу 1 ГВт ашты жана биз топтогон тажрыйбабызды дос өлкөлөрдө колдонууга даярбыз”, – деди ал.
Белгилей кетсек, 2023-жылы Ысык-Көл облусуна жалпы кубаттуулугу 100 МВт болгон кайра жаралуучу энергия булактарынан өндүрүлгөн электр энергиясын жеткирүү боюнча келишим, ошондой эле республиканын башка облустарына жалпы кубаттуулугу 100 МВт болгон кайра жаралуучу энергия булактарынан өндүрүлгөн электр энергиясын жеткирүү боюнча алдын ала келишим түзүлгөн.
2024-жылдын март айында “Росатомдун кайра жаралуучу энергиясы” менен КР Энергетика министрлигинин ортосунда кубаттуулугу 1 ГВтга чейинки кайра жаралуучу энергия объектилерин куруу боюнча инвестициялык долбоорду иштеп чыгуу жана ишке ашыруу жөнүндө макулдашууга кол коюлган. Макулдашуунун предмети — Кыргызстанда кубаттуулугу 1 ГВтга чейинки кайра жаралуучу энергия объектилерин куруу боюнча инвестициялык долбоорду иштеп чыгуу жана ишке ашыруу.
Ошондой эле 2023-жылдан бери саламаттыкты сактоо тармагында атомдук технологияларды энергетикалык эмес максатта колдонуу боюнча кызматташтык жүргүзүлүүдө. Атап айтканда, Улуттук онкология жана гематология борборунун базасында радиофармацевтикалык аптека, молекулярдык визуалдаштыруу жана таргеттик терапия борборун түзүү тууралуу сөз болуп жатат, ал жерде онкологиялык жана башка ооруларды диагностикалоонун жана дарылоонун алдыңкы ыкмалары колдонулат.
Булак “Кабар” агенттиги