Балыкчыда ипотекалык турак жай комплексинин курулушу башталды

 Балыкчыда ипотекалык турак жай комплексинин курулушу башталды

Балыкчы шаарында 3700 батирлүү ипотекалык турак жай комплексинин пайдубалына капсула салынды. Бул тууралуу президенттин Иш башкармалыгынынан билдиришти.

Иш башкармалыктын жетекчиси Каныбек Туманбаевдин айтымында, бул ири долбоор — президент Садыр Жапаровдун саясатынын ачык көрүнүшү. Президент үй маселесин элдин негизги муктаждыгы катары карап, аны чечүү боюнча системалуу иштерди жүргүзүп келет.

“Ар бир кирпич, ар бир бетон — бул мамлекеттин жоопкерчилигинин жана элге болгон камкордуктун белгиси. Туризмби, экономикабы баары адамдан башталат. Ал эми адамдын эң негизги кереги — бул өз үйү”, — деди Каныбек Туманбаев.

Жаңы комплекс Балыкчы шаарын өнүктүрүү менен бирге, тургундардын жашоо шарттарын жакшыртууга, инфраструктураны кеңейтүүгө жана калктын турмуш сапатын көтөрүүгө өбөлгө түзөт.

Связанный пост