Балыкчы шаарына 100 млн сомдук атайын техникалар тапшырылды

Бүгүн Балыкчы шаарынын коммуналдык кызматтарына жаңы техникалар тапшырылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Техникаларды министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев тапшырды.

Жалпы баасы 100 млн сом болгон 36 даана ар түрдүү коммуналдык техникалар: жол тазалоочу, таштанды ташуучу, суу чачуучу жана атайын тейлөө унаалары Балыкчы шаарынын муниципалдык чарбасына берилди.

Камчыбек Ташиев тапшырылган техникалар шаардын инфраструктурасын жакшыртууга, санитардык тазалыкты жана коомдук кызматтардын сапатын жогорулатууга чоң салым кошорун белгиледи.

Ошондой эле УКМК төрагасы жакында Балыкчы шаарынын инфраструктурасын жакшыртуу максатында президенттин Турукташтыруу фондунан дагы 500 млн сом бөлүнө тургандыгын кабарлады. Ал Балыкчы шаары Ысык-Көл облусунун кире беришинде жайгашкан туристтик негизги аймактардын бири болгондуктан, калаанын инфратүзүмүн жакшыртуу маанилүү кадамдардын бири экендигин кошумчалады.

Ташиев техникаларды тапшыруу аземинде чогулган элдин кайрылууларына дагы көңул бурду. Анда аймактагы жерлердин мыйзамсыз берилиши, калкты турак жай менен камсыздоо жана жергиликтүү социалдык кызматтардагы мыйзамсыздыктар боюнча маселелер айтылды. Мындан улам төрага айтылган көйгөйлөрдү чечүүнү жеринде тийиштүү кызматтагыларга табыштады.

Өз кезегинде Балыкчы шаарынын тургундары өлкө жетекчилигине көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдиришти.

Связанный пост