Балдарга берилүүчү жөлөк пулдарга онлайн арыз берүү кеңейтилет
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Социалдык төлөмдөр башкармалыгынын Мамлекеттик жөлөк пулдар бөлүмүнүн башчысы Максат Уларбек кызы өлкөдө балдарга төлөнүп жаткан жөлөк пулдар жана аларды электрондук форматта дайындоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу “Кабар” агенттигине маалымат берди.
Анын айтымында, бүгүнкү күндө өлкөдө балдарды колдоо чаралары күчөтүлүп, жаңы жөлөк пулдар киргизилип, социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү электрондук форматка өткөрүү иштери жүргүзүлүүдө.
Маалымдалгандай, үстүбүздөгү жылдын башынан тарта “Бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” жөлөк пулу киргизилген. Бул төлөм бийик тоолуу, алыскы, барууга кыйын жана чек арага чектеш аймактарда жашаган үй-бүлөлөрдөгү үчүнчү жана андан кийинки төрөлгөн 3 жашка чейинки балдарына колдоо иретинде берилет.
Аталган жөлөк пулдун өлчөмү айына 3 миң сомду түзөт. 1-сентябрга карата аны алган балдардын саны 30 миң 600дү түзгөн.
Ошондой эле үстүбүздөгү жылдын 1-июлунан тартып “Бала ырысы” жөлөк пулу ишке киргизилген. Бул жөлөкпул үй-бүлөнүн социалдык-экономикалык абалына карабастан дайындалат. Анын өлчөмү айына 1 миң 200 сомду түзөт. 10-сентябрга карата “Бала ырысы” жөлөк пулун алган балдардын саны 232 миң 600дү түзгөн.
Министрликтин өкүлүнүн айтымында, учурда социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу жана жөлөкпул алууга арыздарды электрондук форматка өткөрүү иштери улантылууда. Бүгүнкү күндө “Бала ырысы” жөлөк пулуна арыздар мобилдик тиркеме аркылуу кабыл алынууда.
“Үч жашка чейинки балдардын саны болжол менен 400 миңге жакын деп болжолдонгон. Бүгүнкү күндө 232 миң 300 балага жөлөкпул дайындалып жатат. Бул жөлөкпулдун башка төлөмдөрдөн айырмачылыгы — жарандар аймактык башкармалыктарга барбастан, мобилдик тиркеме аркылуу керектүү документтерди тапшыра алышат”, – деди Максат Уларбек кызы.
Министрликтин өкүлү белгилегендей, министрлик мындан ары башка жөлөк пулдар боюнча да арыздарды мобилдик тиркеме аркылуу кабыл алуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүнүн үстүндө иштеп жатат.
“Кийинки этапта “Бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” жөлөкпулуна да мобилдик тиркеме аркылуу арыз берүүгө мүмкүнчүлүк түзүүнү пландап жатабыз”, – деди ал.