Балдарды 1-класска электрондук каттоо жеңилдетилди

Жылдагыга салыштырмалуу быйыл балдарды 1-класска электрондук каттоо жеңилдетилди. Бул тууралуу маалымат жыйынында билим билим берүү жана илим министринин санариптик өнүктүрүү боюнча орун басары Лира Самыкбаева билдирди.
Анын айтымында, башка жылдардан өзгөчөлөнүп быйыл 1-2-класстарга барчу балдарды мамлекет өзү проактив режиминде каттады.
“Мурда ата-энелер бир нече маалымкатты тиркеп, өзүнүн жеке кабинетин ачып анан баласын мектепке каттачу. Өлкөбүздө жеке маалыматтардын баары санариптештирилгенге байланыштуу биз “Түндүк” тиркемеси аркылуу бир үй-бүлөдө канча бала бар, 2018-2019-жылы төрөлгөн балдардын саны канча, кайсы райондо канча бала бар экенин билебиз. Санариптештирилген жеке маалыматтардын аркасында ар бир бала катталган жерине ылайыкташтырып мамлекет тарабынан кепилденген орундар менен камсыздалды. Эми ар бир ата-эне “Мбанк”, “О деньги” жана “Mega Pay” тиркемелери аркылуу баласынын кайсыл мектепке жайгашканын көрө алат. Ата-эне тарабынан “макулмун” деген баскычты басып коюу гана жетиштүү. Ата-энеден башка эч нерсе талап кылынбайт”,-деди ал.
Самыкбаева белгилегендей, эгер баланын катталган жери жок болсо, анда ата-энеси баланы сөзсүз түрдө 1-июнга чейин каттоодон өткөрүшү керек.