«Бала Береке» бир жолку төлөмү 2026-жылдан тартып күчүнө кирет

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги «Бала Береке» бир жолку төлөмү качан башталаарын маалымдады.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Мамлекеттик социалдык төлөмдөр боюнча чечимдерди даярдоо башкармалыгынын башчысы Максат Туларбек кызы «Кабар» агенттигинин түз эфиринде билдиргендей, президент Садыр Жапаровдун көп балалуу, өлкөнүн бийик тоолуу жана жетүү кыйын болгон аймактарында туруктуу жашаган энелерге арналган «Бала Береке» бир жолку төлөмүн киргизүү тууралуу жарлыгына ылайык, жөлөк пул төртүнчү баладан баштап берилет.
Анын айтымында, бул жарлык 2026-жылдан тартып күчүнө кирет, бирок жөлөк пул бала 1 жашка толгондо берилет.
«Төлөмдөрдүн суммасы 100 миң сомдон 2 миллион сомго чейин болот. Бул жарлыкты ишке ашыруу үчүн жөлөк пулдар жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилип, алар Жогорку Кеңеште үч окууда кабыл алынды. Бул демилге колдоого ээ болду. Президенттик администрациянын жетекчилиги алдында төлөм механизмдери иштелип чыкты», – деди ал.
Аталган механизмге ылайык, документтерди тапшыруу эки жол менен жүргүзүлөт:
- «Түндүк» мобилдик тиркемеси аркылуу, эгерде эненин мүмкүнчүлүгү болсо;
- Же министрликтин аймактык бөлүмдөрүнө барып тапшыруу жолу менен.
Бул үчүн минималдуу документтер тизмеси каралган. Эгер кошумча документтер талап кылынса жана бул механизм бекитилсе, бул тууралуу кошумча маалымдалат.
Бир жолку жөлөк пулдардын суммасы төмөнкүдөй болот:
- 4-балага – 100 000 сом;
- 5-балага – 600 000 сом;
- 6-балага – 800 000 сом;
- 7-балага – 1 000 000 сом;
- 8-балага – 1 200 000 сом;
- 9-балага – 1 000 000 сом;
- 10-бала жана андан кийинки ар бир балага – 2 000 000 сом.
Булак “Кабар” агенттиги