Бала бакчага “Электрондук кезек”: Система 6-апрелге чейин жеткиликсиз болот

 Бала бакчага “Электрондук кезек”: Система 6-апрелге чейин жеткиликсиз болот

Мектепке чейинки билим берүү уюмдарына балдарды каттоо “Электрондук кезек” мамлекеттик санариптик технологиялык системасы “Балалык” системасына көчүрүлдү. Бул тууралуу Агартуу министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, буга байланыштуу системада 31-марттан 6-апрелге чейин техникалык иштер жүргүзүлөт.

“Бул мезгилде система убактылуу жеткиликсиз болот”, – деп белгилешти министрликтен.

Связанный пост