Бакытбек Мажитов Жогорку Кеңештин аппарат жетекчиси болуп дайындалды
![Бакытбек Мажитов Жогорку Кеңештин аппарат жетекчиси болуп дайындалды](https://eltr.kg/wp-content/uploads/2022/09/bezymiannyi.730x0.png)
Бакытбек Мажитов Жогорку Кеңештин аппарат жетекчиси болуп дайындалды. Тиешелүү тескемеге төрага Талант Мамытов кол койду.
Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдиргендей, Бакытбек Мажитов 1976-жылы 20-декабрда туулган. Юридикалык жана экономикалык жогорку билимге ээ, юридика илимдеринин кандидаты.
Мажитов 2020-жылдын ноябрынан бери Жогорку Кеңештин төрагасынын кеңешчиси болуп иштеп келген.