Бакыт Торобаев: Кыргызстан «климатка туруктуу» технологияларды жана саясатты эске алуу менен өлкөбүздүн келечегин курууга тийиш болгон чечүүчү мезгилде турат 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев «Кыргызстан климаттын өзгөрүүсү боюнча Тараптардын 28-конференциясы алдында: позицияларды иштеп чыгуу боюнча диалогдор» аттуу Улуттук форумга катышып, анда бардык катышкан тараптар Кыргызстандын делегациясынын БУУ Климаттын өзгөрүшү боюнча алкактык конвенциясынын тараптардын 28-конференциясынын (COP-28) ишине катышуусу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштин акыркы жыйынтыктарын талкуулашты.

 

Ал өз сөзүндө Министрлер Кабинети тарабынан “жашыл” өнүктүрүү жана климаттын өзгөрүүсүнө адаптациялоо аркылуу туруктуу өнүгүүгө багытталган стратегиялык программалар жана долбоорлор ишке ашырылып жатканын белгиледи.

 

«2040-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясынын алкагында биз экологиялык туруктуулукту камсыз кылуу жана өнөр жай жана айыл чарба объектилеринин ишмердүүлүгүнүн терс таасирин минималдаштыруу милдетин койдук. Биз ошондой эле экологияга багытталган бизнести өнүктүрүүгө, “жашыл” экономиканын принциптерин тармактык саясатка интеграциялоого, калдыксыз, ресурстарды үнөмдөөчү технологияларды ишке киргизүүгө күч-аракетибизди жумшап жатабыз», – деди Бакыт Төрөбаев жана бул амбициялуу максаттарга жетүү үчүн жарандык коом, жеке бизнестин жана эл аралык коомчулуктун колдоосу зарыл экендигин кошумчалады.

 

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары ошондой эле «Кыргызстан «климатка туруктуу» технологияларды жана саясатты эске алуу менен өлкөбүздүн келечегин курууга тийиш болгон чечүүчү мезгилде турат» деп белгиледи.

 

«Биздин биргелешкен ишибиз жана чечкиндүү аракеттерибиз оңдуу өзгөрүүлөргө алып келип, жалпыбыз үчүн туруктуу келечекти түзө алат», – деп жыйынтыктады Бакыт Төрөбаев.

Связанный пост