Бакыт Төрөбаев “Тулпар Моторс” унаа заводунун ишмердүүлүгү менен таанышты

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Москва районундагы кыргыз-өзбек биргелешкен “Тулпар Моторс” унаа заводунун ишмердүүлүгү менен таанышты.

Ишкананын өндүрүштүк кубаттуулугу жылына 10 миң унааны түзөт, эми кийинки этаптарда 30 миңге чейин жеткирүү пландалууда.

Завод ишке кириши менен 1000ден ашуун жаңы жумуш орду түзүлгөн. Ишкананын жалпы аянты 4,5 гектарды түзүп, курулуш иштери 2023-жылдын май айында башталган.

Заводдон чыгарылган унааларды сатып алууну колдоо максатында “Жеңилдетилген автонасыя” программасы ишке киргизилген.

Автокредиттер төмөнкү шарттар менен берилет:

  • Пайыздык чен — жылдык 8 пайыз;
  • Баштапкы төлөм — 20 пайыз;
  • Насыя берүүчү банктар — “Элдик Банк” жана “Айыл Банк”.

“Тулпар Моторс” заводу Кыргызстандын унаа өндүрүү тармагында жаңы баракты ачып, өлкөнүн өнөр жай потенциалын кеңейтүүдө маанилүү роль ойнойт. Жалпы инвестициянын көлөмү 50 млн долларды түзүп, долбоор үч этапта ишке ашырылууда.

Эске салсак, заводдун расмий ачылышы 2024-жылдын 18-июлунда Кыргызстан менен Өзбекстандын президенттери Садыр Жапаров жана Шавкат Мирзиёевдин онлайн катышуусу менен өткөн.

Долбоор Кыргызстан министрлер кабинети менен Өзбекстандын өкмөтүнүн ортосунда түзүлгөн макулдашуунун негизинде ишке ашырылып, өлкөдө унаалардын жеңил жана коммерциялык түрлөрүн чыгарууну көздөйт.

Связанный пост