Бакыт Төрөбаев Сеулда KOICA президенти менен жолугушту
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун Корея Республикасына расмий сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Бакыт Төрөбаев Кореянын Эл аралык кызматташтык агенттигинин (KOICA) президенти Чан Вон Сам менен Сеулда жолугушуу өткөрдү.
Мамлекеттик башкаруу, айыл чарба, санариптештирүү, саламаттыкты сактоо жана аймактарды өнүктүрүү жаатындагы биргелешкен долбоорлор талкууланды.
Бакыт Төрөбаев KOICA президентинин Кыргызстанга өткөн сапарынын маанилүүлүгүн белгилеп, Кыргызстан менен Корея Республикасынын ортосундагы өнөктөштүктү бекемдөө үчүн жогорку деңгээлдеги жолугушуулардын маанилүүлүгүн белгиледи.
Ал Жогорку Кеңешти санариптештирүү долбоору үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргызстандын өнүгүүсүнө расмий жардам көрсөтүү үчүн артыкчылыктуу өлкө катары макамын узартууну сунуштады.
Өз кезегинде KOICA президенти акысыз жардамдын көлөмүн көбөйтүү ниетин ырастады жана кызматташуу программаларын ишке ашыруудагы Кыргызстандын жигердүү позициясын жогору баалады.
Жолугушуунун жыйынтыгында төмөнкү протоколдорго кол коюлду:
1. Кыргызстандын айыл чарбасында кошумча нарк чынжырын жакшыртуу үчүн универсалдуу акылдуу кампаны куруу жана интеграцияланган маркетинг башкаруу системасын түзүү.
2. Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин санариптик компетенциялар боюнча окуу-консультативдик борборду түзүү.