Бакыт Төрөбаев Кытайдын Шэньси провинциясынын Компартиясынын катчысы менен жолукту

 Бакыт Төрөбаев Кытайдын Шэньси провинциясынын Компартиясынын катчысы менен жолукту

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Сиань шаарында Кытайдын Шэньси провинциясынын Коммунисттик партиясынын Партиялык комитетинин катчысы Чжао Идэ менен жолукту.

Министрлер кабинетинен билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташуу маселелеринин кеңири чөйрөсү боюнча пикир алмашуу болду, ошондой эле келечекте биргелешкен өз ара аракеттенүүнүн приоритеттери белгиленди.

Анда минкаб төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев өзгөчө Кыргызстандын Кара-Балта шаарындагы мунайды кайра иштетүүчү “Джунда” заводунун долбоору ийгиликтүү башталганын белгилеп, ушул сыяктуу долбоорлордун ишке ашырылышын дайым колдоаго алынаарын билдирди.

“Мунайды кайра иштетүүчү “Джунда” заводунун долбоору ийгиликтүү башталганын белгилебей коё албайм. Анын ачылышы жакында эле Мамлекет башчысынын жеке катышуусу менен жаңыланган ишкананын ишке кириши болуп өттү. Бул иштин ишке ашырылышына сиздин салымыңыз чоң. Биз кытайлык инвесторлордун ушул эле шаарда ушундай аталыштагы индустриалдык парк куруу пландарын кубаттайбыз”, — деди ал.

Өз кезегинде Чжао Идэ Кыргызстан менен Шэньси провинциясынын ортосундагы, ошондой эле провинциянын аймактары менен Кыргызстандын Чүй облусу менен болгон практикалык кызматташтыкты чыңдоонун, атап айтканда, соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүүнүн, эки өлкөнүн ишкерлеринин ортосунда ишкердик байланыштарды түзүүгө кызыкдар экенин билдирди.

Мындан тышкары тараптар Бишкек – Сиань шаарларынын ортосундагы аба каттамдарынын жүрүшүн канааттануу менен белгилеп, жыйынтыгында мындан ары да практикалык ар тараптуу өз ара аракеттенүүнү бекемдеп, улантууну макулдашты.

Связанный пост