Бакыт Төрөбаев Кытай делегациясы менен ири өндүрүш долбоорлорун талкуулады

Президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Бакыт Төрөбаев Кытайдын Шаньдун провинциясынын Элдик өкмөтүнүн делегациясын кабыл алды.

Жолугушууда кыргыз-кытай кызматташтыгы акыркы жылдары динамикалуу өнүгүп, биргелешкен ири долбоорлор ишке ашырылып жатканы айтылды.

Белгиленгендей, үстүбүздөгү жылы кыргыз-кытай эки тараптуу мамилелери тарыхый окуяларга бай болору, анын ичинде Шанхай кызматташтык уюмунун 25 жылдык мааракелик саммити, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары, эки тараптуу иш сапарлар бар экени айтылды.

Жолугушууда өнөр жай, кайра иштетүү, маданий-гуманитардык жана башка тармактарда конкреттүү долбоорлорду ишке ашыруу менен практикалык кызматташууга өзгөчө басым жасалды.

Тараптар чакан жана орто бизнести колдоо үчүн Кыргызстандын бардык аймактарында өндүрүш ишканаларын түзүү менен “250 өндүрүш линиясы” программасын ишке ашырууну макулдашты.

Кытай тарап Кыргызстандын акыркы жылдардагы экономикалык өнүгүүсүнө жогору баа берип, жогоруда аталган программаны жана эки тарапты кызыктырган бардык тармактарда биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу боюнча кыргыз тарап менен кызматташууга кызыкдар экенин билдирди.

Тараптар жакынкы келечекте практикалык кызматташууну баштоо максатында тыгыз байланыштарды улантууну макулдашты.

Связанный пост