Бакыт Төрөбаев: Кыргызстан Борбор Азиянын суу саясатында маанилүү ролду ойнойт
Кыргызстан Борбор Азиянын суу саясатында маанилүү ролду ойнойт. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Ысык-Көлдү сактоо, суу ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу боюнча улуттук суу форумунда билдирди.
Анын айтымында, Кыргызстан коңшу өлкөлөрдү суу жана энергия менен камсыз кылып, Борбор Азиянын суу саясатында маанилүү ролду ойнойт.
“Региондогу туруктуулукту сактоо үчүн биздин сууларды натыйжалуу башкарууну өнүктүрүү, инфраструктураны модернизациялоо жана эл аралык кызматташтыкты бекемдөө зарыл. Сууну өлкөлөр ортосундагы араздашуу эмес, тескерисинче кызматташтыкка карай көпүрө катары кабыл алышыбыз керек. Бирок кызматташуу ар бир тараптын кызыкчылыгын, тең укуктуулугун жана ролун сыйлоонун негизинде гана мүмкүн болот.
Кыргызстан, Өзбекстан жана Казакстандын Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу боюнча биргелешкен аракеттери Борбор Азия өлкөлөрүнүн регионалдык көйгөйлөрдү чечүү үчүн биригүүсүнүн айкын мисалы жана көрсөткүчү болуп саналат, суу-энергетика кызматташтыгы үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат”, – деди өз сөзүндө Бакыт Төрөбаев.