Бакыт Төрөбаев кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасындагы “Эркечтам” көзөмөл өткөрүү пунктуна барды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Синьцзян-Уйгур автономдуу районуна (Кытай Эл Республикасы) болгон иш сапарынын алкагында, кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасындагы “Эркечтам” көзөмөл өткөрүү пунктуна барды.

 

МинКаб Төрагасынын орун басары  Кытайдын Кызыл-Суу кыргыз автономдуу облусунун, Кытайдын Бажы кызматынын жана Кыргызстандын тиешелүү мамлекеттик мекемелеринин өкүлдөрүнүн катышуусунда өткөрүлгөн жолугушууда тараптар биргелешкен транспорттук-логистикалык инфраструктураны өнүктүрүү, динамикалык жана инвестициялык алмашууга тоскоол болгон чектөөлөрдү алып салуу жана соодада өз ара пайдалуу шарттарды түзүү сыяктуу бир катар маселелерди талкуулашты.

 

Учурда бир катар кыйынчылыктар бар экенин айткан Бакыт Төрөбаев, аларды тез арада чечүү керектигин белгиледи.

 

“Кыргыз тарап бул өткөрүү пунктунун ишин оптималдаштыруу, өткөрүү мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү, транспорттук жана жол инфраструктурасын модернизациялоо жана жакшыртуу боюнча натыйжалуу чараларды көрүүгө кызыкдар”, – деди ал.

 

Жолушуунун жүрүшүндө тараптар негизинен “Эркечтам” көзөмөл өткөрүү пунктуна көпүрө куруу жана жолду 4 тилкеге кеңейтүү маселесин талкуулашты.

 

Ошондой эле, көзөмөл өткөрүү пунктунун күндө же күнү-түнү иштөө маселеси каралды. Көзөмөл өткөрүү пункттун үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылуу, жүк өткөрүү мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу жана анын максималдуу эффективдүүлүгүнө жетишүү максатка ылайыктуулугу билдирилди.

 

Мындан тышкары “айдоочу” визасын алуудагы көйгөйлөр айтылды. Буга байланыштуу эки тарап тең “айдоочу” визаларды берүүнүн жол-жобосун жөнөкөйлөштүрүү актуалдуу маселеге айлануусу зарылдыгына токтолушту.

 

Жолугушууда тараптар ошондой эле, Кыргызстандын айыл чарба продукцияларын Кытайга чыгарууда логистиканын жол-жобосун жөнөкөйлөштүрүү керектигин сүйлөштү.

Связанный пост