Бакыт Төрөбаев Казып алуу тармактарынын ачыктыгынын демилгеси башкармалыгынын төрагасы менен жолукту
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Казып алуу тармактарынын ачыктыгынын демилгеси (КТАД) башкармалыгынын төрагасы Хелен Кларк менен жолукту.
Жолугушуунун жүрүшүндө КТАДдын жогорку деңгээлдеги миссиясы жана анын Кыргызстан үчүн негизги максаты, Хелен Кларктын сапарынын мааниси жана анын алкагында өз ара аракеттенүү боюнча далилдүү сунуштар, Кыргызстандын КТАД менен болгон кызматташуусунун артыкчылыктары жана тобокелдиктери, Кыргызстандын КТАДдагы позициясын бекемдөө боюнча стратегиялык кадамдар сүйлөшүлдү.
Белгилей кетсек, Казып алуу тармактарынын ачыктыгынын демилгеси – 2003-жылы кен казуучу компаниялардын төлөмдөрүнүн ачыктыгын жогорулатуу максатында түзүлгөн. КТАДдын Кыргызстан үчүн негизги максаты, инвесторлорду тартуу, чыр-чатактарды азайтуу, коррупция менен күрөшүү, жоопкерчиликти жогорулатуу.