Бакыт Төрөбаев: Күзгү оруп-жыйноо иштери өз убагында аякташы керек
Күзгү оруп-жыйноо иштери сапаттуу жана өз убагында аякташы керек. Бул тууралуу минкаб төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев билдирди.
Ведомствонун маалыматына ылайык, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары-суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев онлайн-форматында Райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыктары менен күзгү оруп жыйноо маселелери боюнча онлайн форматында жыйын өткөрдү.
Жыйынга катышкан республиканын бардык райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыктарынын жетекчилери учурдагы күзгү оруп жыйноо кампаниясынын жүрүшү боюнча маалымат беришти.
Эске салсак, буга чейин министрлик быйыл жыйноо иштерине жалпысынан 764 комбайн тартылганын билдирген. Бул былтыркы жылдын ушул мезгилине (575 комбайн) караганда 189 бирдикке көп.