Бакыт Төрөбаев күз-кыш мезгилине даярдык көрүү боюнча жыйын өткөрдү

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаевдин жетекчилиги алдында Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын жана калкын 2025-2026-жылдарга карата күз-кыш мезгилдерине даярдоо боюнча республикалык штабдын жыйыны өткөрүлдү.

Жыйынга тиешелүү министрликтердин, мамлекеттик жана муниципалдык органдардын жетекчилери, ошондой эле Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жана өлкө аймактарындагы энергетика ишканаларынын башчылары видео-конференц-байланыш режиминде катышты.

Отурумда жалпысынан өлкөдөгү суу сактагычтарда суу топтоо, өзгөчо Токтогул суу сактагычындагы учурдагы суунун көлөмү, керектөөчүлөрдү электр энергия менен үзгүлтүксүз камсыздоо, Бишкек жана Ош шаарларындагы жылуулук берүүчү муниципалдык ишканалардын даярдыгы, ошондой эле экономика тармактарын жана калкты көмүр менен камсыздоо, аны менен катар көмүргө болгон баа саясаты талкууланды.

Маалымат катары, 2025-жылы республика боюнча электр энергияны керектөөнүн көлөмү 18,9 млрд кВт/саат болоору күтүлгөн, ал эми электр энергиясын өндүрүү 2025-жылдын 7 айына карата 9,24 млрд кВт/саатты түздү.

Ал эми, Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү бүгүнкү күнгө карата 11,03 млрд м3 түздү, бул 2024-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу аз болууда. Бирок эксперттердин баамында, суунун агымына карата көрсөткүчтөр өзгөрүшү мүмкүн.

Жыйында ошондой эле, жылуулук менен камсыздоочу Бишкек жана Ош шаарларынын муниципалдык ишканаларынын даярдыгы каралды. Белгилүү болгондой, учурда Бишкек ЖЭБде көмүрдүн калдыгы 250,4 миң тонна, ал эми мазуттун калдыгы 3,9 миң тонна. Бишкек жана Ош шаарларынын ЖЭБтерине керектелүүчү мазуттун көлөмү 27,5 миң тоннаны түзөт.

Кара отун маселеси боюнча МинКаб Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев, Энергетика министрлиги, Бишкек, Ош шаарынын мэриясы жана муниципалдык Жылуулук менен камсыздоочу ишканалар оңдоо жана реконструкциялоо иштерин өз убагында жана сапаттуу жүргүзүп, алардын күз-кыш мезгилинде максималдуу кубаттуулук менен иштөөгө даярдыгын камсыз кылууну, күз-кыш мезгилинен ийгиликтүү өтүү үчүн зарыл көлөмдө отунду даярдоону камсыз кылуу боюнча алдын ала чараларды көрүү тапшырмасын берди.

“Саламаттык сактоо, социалдык жана билим берүү мекемелери жылуулук мезгилине өз убагында даярдалып жана отун менен камсыздалсын. Облустун жетекчилери жана райондук мамлекеттик администрациялардын башчылары-акимдер сиздерден талап кылам, жергиликтүү калк жетиштүү көлөмдө жана алгылыктуу баада өз убагында көмүр менен камсыздалсын. Жылуулук берүү мезгилине аз убакыт калгандыгына байланыштуу министрликтер жана ведомстволордун жетекчилерине эскертип кетем, айтылган маселелерге өз убагында даярданбасаңар тиешелүү чечимдер кабыл алынат”, – деди МинКаб Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев.

Белгилей кетсек, график боюнча 2025-жылдын 1-октябрына чейин республиканын экономика тармактарын жана калкын 2025-2026-жылдардын күз-кыш мезгилдерине даярдоо иштери аякташы керек.

Связанный пост