Бакыт Төрөбаев: Энергиянын альтернативдүү булактарын көбөйтүү аркылуу дефициттен чыга алабыз

Энергиянын альтернативдүү булактарын көбөйтүү аркылуу энергетикалык дефициттен чыга алабыз, – деди министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Энергетика министрлигинде өткөн көчмө жыйында.

Жыйын өлкөдөгү учурдагы электр энергияга байланышкан маселелер боюнча тиешелүү мамлекеттик мекемелердин, энергетикалык компаниялардын жетекчилеринин катышуусунда өттү.

Отурумда генерацияны көбөйтүү, энергетика тармагын өнүктүрүүгө багытталган 2030-жылга чейинки улуттук программанын алкагында пландалган долбоорлорду ишке ашыруу, тариф саясатына болгон өзгөртүүлөрдүн киргизилиши, керектөөчүлөрдүн саны өскөндүгүнө байланыштуу калкты электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу сыяктуу бир катар маселелер талкууланды.

Анда МинКаб Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев энергиянын альтернативдүү булактарын көбөйтүү аркылуу энергетикалык дефициттен чыгып, генерацияны көбөйтүүгө болоорун билдирди.

“Акыркы жылдары энергетика тармагын жакшыртуу багытында бир катар алгылыктуу долбоорлор ишке ашып, тармактын иши алдыга жылууда. Бирок, өлкөдө дагы деле электр энергиясына болгон дефицит бар. Бул тартыштыктан арылуу үчүн тармакка инвестиция тартып, энергиянын альтернативдүү булактарын көбөйтүп, энергетикалык дефициттен чыга алабыз. Генерацияны көбөйтүү бүгүнкү күндүн негизги талабы. “Энергетика тармагындагы өзгөчө кырдаал режимин” эске алып, тиешелүү министрлик майнаптуу иш алып баруусу зарыл”, – деди Бакыт Төрөбаев.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын энергетика тармагында 2023-жылдын 1-августунан 2026-жылдын 31-декабрына чейин өзгөчө кырдаал режими киргизилген. Өзгөчө кырдаал режими колдонулган мезгилде Энергетика министринин укуктары кеңейтилген.

Тиешелүү документ климаттык чакырыктарга, Нарын дарыясынын бассейнине суунун аз киришине, энергияны керектөөнүн тездик менен ашыкча өсүшүнүн шартында генерациялоочу кубаттуулуктун жетишсиздигине байланышкан энергетикалык кризистен Кыргызстанды чыгаруу боюнча шашылыш чараларды көрүү максатын көздөйт.

Связанный пост