Бакыт Төрөбаев Эл аралык валюта фондунун Кыргызстандагы өкүлү менен жолукту

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Эл аралык валюта фондунун (ЭВФ) Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Фарид Талышлы менен жолукту.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен Эл аралык валюта фондунун ортосундагы кызматташуу маселелери сүйлөшүлдү. Анда, өлкөнүн түзүмдүк реформаларын алдыга жылдырууда жана жалпы эле өлкө экономикасын өнүктүрүүдө колдоп келген ЭВФтин салымы белгиленип, мындан аркы өз ара кызматташуунун келечеги талкууланды.

Акыркы жылдарда ишке ашырылган масштабдуу түзүмдүк реформалар эл аралык рейтингдик агенттиктер тарабынан белгиленип, алар ишкердик активдүүлүктү турукташтырууга, стратегиялык тармактарды колдоого, инфраструктураны модернизациялоого жана инвестициялык климатты жакшыртууга багытталган.

Жалпы 30 жылдан ашуун убакыттан бери ЭВФ маанилүү делген 12 программаны Кыргызстанда ишке ашырып, алар экономиканы колдоодо, жакырчылыкты кыскартууда, ошондой эле туруктуу жана инклюзивдик экономикалык өсүштү алга жылдырууда маанилүү роль ойногон.

Белгилей кетсек, орточо алганда акыркы үч жылда өлкө экономикасынын өсүү темпи 9,0%ды түздү. Жогорку экономикалык жигердүүлүк – экономиканы модернизациялоого, инвестициялык климатты жана атаандаштык чөйрөнү жакшыртууга, мамлекеттик башкарууда реформаларды ишке ашырууга багытталган натыйжалуу мамлекеттик чараларга негизделген.

Связанный пост