Бакыт Төрөбаев ЕАЭБ алкагында товарларды эсепке алуу пункттарынын ишине байланышкан маселер боюнча жыйын өткөрдү
Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаевдин жетекчили алдында Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө мамлекеттер менен соода жүргүзүүнүн алкагында товарларды эсепке алуу пункттарынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча комплекстүү чараларды иштеп чыгууну талкуулаган жыйын болуп өттү.
Жыйынга Экономика жана коммерция министрлигинин, Каржы министрлигинин, Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин, Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин, ошондой эле Мамлекеттик салык кызматынын, Мамлекеттик бажы кызматынын, Мамлекеттик чек ара кызматынын жетекчилери катышты.
Талкуунун жүрүшүндө МинКаб Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев товарларга мониторинг жүргүзүү жана эсепке алуунун эффективдүү санариптик механизмдерин ишке ашыруунун, мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүсүнүн деңгээлин күчөтүүнүн, ошондой эле мамлекеттик бюджетке салыктык түшүүлөрдү жоготууга шарт түзгөн маселелерди жоюунун маанилүүлүгүн белгиледи.
Мамлекеттик органдарга жүктөлгөн милдеттердин аткарылышын координациялоону Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгы жүргүзөт.