Бакыт Төрөбаев БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун башкы директору менен жолукту

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун башкы директору Цюй Дуньюй менен жолукту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун ортосундагы кызматташтыгынын жүрүшү, ошондой эле азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу, айыл чарбаны туруктуу өнүктүрүү жана элет элинин турмушун жакшыртуу маселелерине байланышкан долбоорлордун алкагында сүйлөшүү жүргүздү.

Маалым болгондой, Азык-түлүк жана айыл чарба уюму Кыргызстанда жалпы суммасы 35 млн долларды түзгөн 13 улуттук долбоорду ишке ашырууда. Мындан тышкары, бул уюм Кыргызстанда 18 глобалдык, аймактык жана субрегионалдык долбоорлорду ишке ашырууну колдойт.

Жолугушуунун жыйынтыгында министрлер кабинети менен Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун ортосунда Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун өкүлчүлүгүн Кыргызстанда түзүү жөнүндөгү макулдашууга кол коюлду.

Анда министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев менен Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун башкы директору Цюй Дуньюй бул Макулдашуунун арты менен биргелешкен программаларды жана жаңы демилгелерди дагы натыйжалуу координациялоого жана ыкчам ишке ашырууга мүмкүндүк берерине ишенерин билдиришти.

Маалымат үчүн: Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун түзүлгөнүнө 80 жылдан ашты, уюмга дүйнөнүн 197 мамлекети мүчө, ал эми Кыргызстан 1993-жылдан бери кызматташып келет.

Связанный пост