Бакыт Төрөбаев Азия инфраструктуралык инвестиция банкынын өкүлү менен жолукту
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун Кытай Эл Республикасына болгон жумуш сапарынын алкагында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев менен Азия инфраструктуралык инвестиция банкынын мамлекеттик секторго инвестициялоо жана долбоорлорду корпоративдик каржылоо боюнча директору Константин Лимитовдун жолугушуусу болду.
МинКаб Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев маектешине Кыргызстандын акыркы жылдардагы экономикалык өнүгүүсү тууралуу маалымат берип, ал Кыргызстанда ири долбоорлор башталганын, анын ичинде Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу, Барскоон-Бедел автожолунун курулушу, мындан тышкары Камбар-Ата ГЭС-1 жана башка көптөгөн өнөр жай жана социалдык долбоорлор тууралуу айтты.
Жолугушуунун жүрүшүндө ошондой эле, учурда Кыргызстанда Азия инфраструктуралык инвестиция банкы тарабынан ишке ашырылып жаткан долбоорлорду илгерилетүү маселелери, мындан тышкары энергетика, инфраструктура, айыл чарба, суу менен камсыздоо жана башка тармактардагы долбоорлорго инвестиция тартуунун келечеги талкууланды.
Тараптар далилдүү натыйжалардын маанилүүлүгүн белгилеп, өз ара кызыкчылык туудурган бардык багыттар боюнча долбоорлорду ишке ашырууну улантуу үчүн тыгыз байланыштарды улантууну макулдашты.