Бакыт Төрөбаев Азербайжандын Айыл чарба министри менен жолукту
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Азербайжандын айыл чарба министри Меджнун Мамедов менен жолукту.
Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар айыл чарба продукцияларынын өз ара жүгүртүлүшүн көбөйтүү, кайра иштетүү тармагын өнүктүрүү, ветеринардык жана фитосанитардык кызматташтыкты өрчүтүү, заманбап агротехнологияларды киргизүү боюнча эки тараптуу кызматташуу маселелерин талкуулашты.
Ошондой эле Кыргызстандын делегациясы Бакудагы кеме куруучу заводдо, Гейдар Алиев атындагы нефтини кайра иштетүүчү заводдо жана Баку шаарында жайгашкан Кыргызстандын Соода үйүндө болушту.
Кеме куруучу заводдо кыргыз делегациясына кемелерди куруу жана Транскаспий коридорун тейлөө боюнча компаниянын мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат берилди. Кыргыз тарап менен кеме куруу жана транспорттук-логистикалык максаттарда кызматташуунун келечеги талкууланды.
Ал эми Гейдар Алиев атындагы нефтини кайра иштетүүчү заводдо кыргыз тарап мунайды иштетүүнү модернизациялоо жана тереңдетүү долбоорлорунун жүрүшү менен таанышып, мунай продуктуларын жеткирүү боюнча потенциалдуу кызматташууну, энергиянын натыйжалуулугун жана экологиялык стандарттарды жогорулатуу багытында тажрыйба алмашуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулады.
Бакудагы Кыргызстандын Соода үйүн кыдыруу учурунда Азербайжандын базарында кыргыз продукциясын илгерилетүүдөгү жана эки өлкө ишкерлеринин ортосундагы байланыштарды кеңейтүүдөгү Соода үйүнүн маанилүүлүгү белгиленди. Продукциянын ассортиментин кеңейтүү жана биргелешкен ишкердик демилгелерди активдештирүү зарылдыгы айтылды.
Тараптар стратегиялык өнөктөштүктү айыл чарба, транспорт, энергетика жана соода тармактарындагы далилдүү долбоорлор аркылуу кеңейтүүгө даяр экендиктерин ырасташты.
Иш сапардын алкагында кыргыз делегациясы азербайжан элинин жалпы улуттук лидери Гейдар Алиевдин жана анын жубайы Зарифа Алиеванын элесин эскерди.