Бакыт Төрөбаев Азербайжанда кеме куруу, мунай заттарын импорттоо боюнча сүйлөшүү жүргүздү

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Азербайжанга болгон иш сапарынын алкагында өз ара соода жүгүртүүнү жогорулатуу жана мунай продуктуларын импорттоо маселелери боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Минкаб төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Азербайжандын “Баку кеме куруучу заводу” ААКнын башкармалыгынын төрагасы Руслан Талыбов менен жолукту. Анда заводдун кемелерди куруудагы жана Транскаспий эл аралык транспорт коридорунун каттамдарын тейлөөдөгү жүргүзгөн иштери тууралуу маалымат айтылып, бул багыттарда эки тараптуу кызматташуунун келечеги талкууланды.

Сүйлөшүү негизинен кыргыз тараптын өзүнүн жүк ташуучу кемелерин (паром) ишке ашыруу жаатында болду. Тагыраагы Каспий деңизинде кыргыз жүк ташуучу кемелерин эксплуатациялоо, жүк ташуу линияларын тейлөө, Кыргызстандын экспорту жана импорту үчүн туруктуу логистиканы камсыз кылуу маселелери талкууланды. Мындай кызматташууну өнүктүрүү Кыргызстандын транспорттук каттамдарын кеңейтүүгө, жеткирүү мөөнөтүн кыскартууга, тышкы рыноктордо бизнестин атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга өбөлгө болоору белгиленди.

Ошондой эле минкаб төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Азербайжандын Мамлекеттик мунай компаниясынын вице-президенти Анар Мамедов менен жолукту.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Кыргызстанды күйүүчү-майлоочу май менен камсыздоодо кызматташууну дагы активдештирүүнүн мүмкүнчүлүктөрү, энергетикалык натыйжалуулукту жогорулатуу, өндүрүш процесстерин санариптештирүү, экологиялык жогорку стандарттарды сактоо боюнча тажрыйба алмашуу талкууланды.

Мындан тышкары Гейдар Алиев атындагы мунайды кайра иштетүүчү заводдо болсо, өндүрүштү модернизациялоо, мунайды кайра иштетүүнү тереңдетүү жана заманбап технологияларды киргизүү боюнча ири долбоорлордун ишке ашырылышы жөнүндө кыргыз тарапка таныштырылды.

Связанный пост