Бакыт Төрөбаев: 2026-жылга чейин 2 млрд доллардык 20 ири завод ачылат

 Бакыт Төрөбаев: 2026-жылга чейин 2 млрд доллардык 20 ири завод ачылат

April 26, 2022, Haian, Jiangsu, China: HAIAN, CHINA – APRIL 26, 2022 – A staff member counts US dollar notes at a bank in Haian, East China s Jiangsu province, April 26, 2022. The People s Bank of China (PBOC), the central bank, decided on Thursday to cut the foreign exchange reserve ratio (RRR) for financial institutions by 1 percentage point from the current 9 percent to 8 percent starting May 15, 2022, in a bid to improve their ability to use foreign exchange funds. (Credit Image: Global Look Press/Keystone Press Agency)

2026-жылга чейин 2 млрд доллардык 20 ири завод ачылат. Бул тууралуу, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев 2023-жылдын жыйынтыгы боюнча Министрлер Кабинетинин жыйынында билдирди.

 

Жыл жыйынтыгын чыгарган жыйында Бакыт Төрөбаев өнөр-жай таомагы боюнча айтып жатып, Кыргызиндустрия түзүлгөндөн баштап 20 ири долбоорду ишке ашырып жатканын билдирди.

 

“Кыргызиндустрия түзүлгөндөн баштап 20 ири долбоорду ишке ашырууда. Башкача айтканда 972 млн сомго топчу, мык, фурнитура, пластик, фарфор, электроника, принтер, ксерокс, ККМ аппараттары, кирпич, бетон, азот жер семирткичтерин ж.б.ларды чыгарган өзүбүздүн өнөр жай заводдорубуз ачылды. Логистикалык жактан «Кыргызчеттранс», «Кыргыз эйр вейс», «Кыргызбакча», «Жемиш Кампа» ж.б. сыяктуу өнөр жай комплекстери иштей баштады. 2026-жылга чейин 2 млрд доллардык 20 ири завод ачылат”, – деди ал.

 

Ал муну менен өнөр-жай ишканалырында эң аз дегенде 11 000 жаңы жумуш орундары түзүлөөрүн, мындан сырткары санариптештирүүнүн алкагында “Өнөр жай ишканаларынын картасы” иштелип чыгаарын кошумчалады.

Связанный пост