Бакыт Төрөбаев Үрүмчү шаарында КЭР СУАР Элдик Өкмөтүнүн Төрагасы Эркин Тунияз менен жолукту
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары — Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Кытай Эл Республикасынын Синьцзян-Уйгур автономдуу районуна (КЭР СУАР) болгон жумуш сапарынын алкагында, Үрүмчү шаарында СУАР Элдик Өкмөтүнүн Төрагасы Эркин Тунияз менен жолукту.
Анда тараптар Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташуунун актуалдуу маселелерин кенен талкуулашты.
Ошондой эле, эки өлкөнүн тиешелүү мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү өз тармактары боюнча баяндама жасашты.
Анда, кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасындагы көзөмөл өткөрүү пункттарынын ишин оптималдаштыруу, энергетика тармагындагы эки тараптуу кызматташтыкты тереңдетүү, СУАРдын Аксу аймагы менен Кыргызстандын Ысык-Көл облусунун ортосундагы практикалык кызматташтыкты өнүктүрүү, айыл чарба тармагында эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү, Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда “эки өлкө, эки парк” долбоорун ишке ашыруу процессин тездетүү, маданий туризм тармагында эки тараптын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү, дары каражаттарын көзөмөлдөө жана жөнгө салуу жаатында кызматташтыкты чыңдоо сыяктуу негизги алты тармак боюнча пикир алышуу болду.
Белгилей кетсек, жолугушуу “Кыргыз Республикасы — Кытай Эл Республикасынын Синьцзян-Уйгур автономдуу району” кызматташуусунун негизги багыттары боюнча экинчи жолугушуусу жана Соода-экономикалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-кытай комиссиясынын алдындагы “Кыргыз Республикасы — Кытай Эл Республикасынын Синьцзян-Уйгур автономдуу району” координациялык тобунун 12-жыйналышынын алкагында өткөрүлдү.
Сүйлөшүүнүн жыйынтыгында төмөндөгүдөй эки тараптуу документтерге кол коюлду:
⁃ КЭР СУАР менен Кыргызстандын Чүй облусунун ортосунда бир тууган мамилелерин түзүү ниети жөнүндө меморандум;
⁃ Кытай Эл Республикасынын СУАР Рынокту көзөмөлдөө жана жөнгө салуу башкармалыгы менен Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин алдындагы Стандартташтыруу жана метрология борборунун ортосунда метрология тармагында кызматташуу боюнча иш-чаралардын планы;
⁃ Jitong Trading Xinjiang Co.,Ltd жана Xinjiang Bank Co., LTD ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум.
МинКаб Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев кыргыз делегациясын жылуу тосуп алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, жакында эле эки өлкөнүн лидерлеринин жолугушуусунда жетишилген макулдашууларды алдыга жылдыруу керектигин белгиледи.
Өз кезегинде СУАР Элдик Өкмөтүнүн Төрагасы Эркин Тунияз Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы кызматташууну СУАР ар тараптан колдоого даяр экендигин билдирип, эки мамлекеттин ортосундагы мамилелер дагы тереңдеп бекемделээрине ишеним артаарын кошумчалады.