Бактияр Орозов илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды

 Бактияр Орозов илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна, 71-беренесине ылайык Орозов Бактияр Сайпидинович Кыргыз Республикасынын илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды.
Кыргыз Республикасынын илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министринин кызмат ордуна дайындоо үчүн Бактияр Орозов талапкерлиги Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине макулдашуу үчүн киргизилет.

Связанный пост